УКМК жер өтмөктөгү көтөргүчтөр иштебей жаткандыктан текшерүү ишин баштады

Көтөргүч

Бишкек мэриясынан «Клоопко» билдиришкендей, УКМКнын тергөөчүлөрү жер өтмөктөрүндөгү электр көтөргүчтөр пландалгандай иштебей жаткандыгынан текшерүү ишин башташты. Филармониянын жанындагы өтмөктө көтөргүчтөр күндүзү гана иштейт, ал эми ЦУМдагы көтөргүчтөр дайыма өчүк турат.

Бишкектин вице-мэри Улан Азыгалиев көтөргүчтөрдү журналисттердин көзүнчө ишке киргизүү аракетинен майнап чыкпай калгандан кийин 1-августта укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен. Азыгалиев «ГлавТехИнвест» жалданмачы компаниясына карата чара көрүүнү суранган.

Бул фирма 2017-жылы жер өтмөктөрүн оңдоо жана электр көтөргүчтөрүн орнотуу ишин аткарган. Ал учурда шаар бийлиги көтөргүчтөрдү орнотууга 6,7 млн сом сарптаган.