Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү

Жогорку соттун соттук коллегиясы оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарып, анын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөттү. Бирок прокурорлор иштин кайра каралышына каршы чыгышты.

Алдыңкы инстанциялар аны орусиялык ишкер Леонид Маевкскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан. Анын ордуна Текебаев ишкерге «Мегаком» улуттук операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берээрин убадалаганы айтылган.

«Иш сотко кайтып келгенде Текебаев [колониядан] бошотулсун деген өтүнүч жолдойбуз. Андан кийин сотту баштайбыз», — деп билдирди саясатчынын адвокаты Чынара Жакупбекова.

Текебаевдин юристтери Маевский банктык эсебинен миллион доллар чыгарып албаганын айтышкан. Бирок ишкер өзү акчаны Текебаевге өткөрүп берүү үчүн банктан акчаны 300 миң жана 700 миң доллар кылып бөлүп чыгарганын билдирген.

Текебаевдин иши

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү табышкан. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ортомчу болгон ыктымал.

Натыйжада саясатчылар мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий жүйөөлүү» деп аташкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Текебаевдин юристтери менен тарапкерлери бир нече жолу анын ишин кайра карап чыгуу суранычы менен Башкы прокуратура менен Жогорку сотко кайрылышкан. Бирок бул жыйынтык берген эмес. 2019-жылы майда Жогорку сот Текебаевдин мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимди жокко чыгарган.