Cот Атамбаевдин штурм учурунда кармалышын мыйзамдуу деп тааныды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тааныды. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв 7-8-августтарда мурдагы президенттин үйүн штурмга алуу учурунда бийликтин аракети мыйзамсыз болгон деп сотко арызданган.

Судьянын пикирине ылайык, мурдагы президент алгач кармалган эмес, аны тергөө органдарына мажбурлап алып келишкен. «Ал эми алып келүү — мыйзам менен негизделген чара, сыртынан караганда ал кармоо же эркиндикти убактылуу чектөө менен окшош», — деп билдирди судья.

Атамбаевдин адвокаты соттун чечимине даттанаарын билдирген. Сот Слесарёвдун арызын карап жатканда журналисттерге жыйынды тартууга тыюу салган.

Бийлик Атамбаевдин резиденциясын ал үч жолу кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча суракка келбей койгондон кийин штурмга алууну чечкен. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 170 адам жабыркаган.

Кийинчерээк Атамбаевге башка дагы алты иш боюнча коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Бул айыптарды парламентарийлер мурдагы президентти кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамдан ажыратып жатканда ачыкташкан.

Ошондой эле ага «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» сыяктуу беренелер тагылып жатат. Бул иштер мурдагы президенттин үйү штурмга алынгандан кийин пайда болгон.

Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен созулуп кеткен араздашуусунун шартында кол тийбестиктен ажырап, кармалган. Саясатчылардын ортосундагы жаңжал бир жарым жылдан бери уланууда, бирок Атамбаев өзү Жээнбековдун талапкерлигин 2017-жылдагы президенттик шайлоодо сүрөмлөгөн.