Финпол КТРКнын экс-башчысы Карыпбековду суракка алды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (финпол) тергөөчүлөрү КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбековду суракка алышты.

Карыпбеков «Клоопко» сурак «Манас» аэропортунун директору болуп турган маалдагы ишине байланыштуу болгонун айтты. Аталган кызматты КТРКнын башчысы болгонго чейин ээлеп турган.

«“Манас” аэропорту 2014-жылы май куюучу комплекс сатып алган. Буга чейин ал жеке менчик болгон. [...] Азырынча күбө катары өтүп жатам. Менден тышкары суракка “Манастын” бир катар кызмат адамдары чакырылган [...] Мен муну акыркы сурак беришим деп ойлобойм», — деди Карыпбеков.

Ал «Манас» аэропортун 2014-2015-жылдары башкарып, кийин КТРК телеканалын жетектеген. Карыпбеков аталган кызматта 2019-жылдын февралына чейин иштеп, андан соң жетекчиликке НТС телеканалынын директору келген.