Улуу Британиянын элчиси троллейбус менен Аламүдүн базарына барып кайтты

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт Бишкектеги Аламүдүн базарына эт алганы барып келди.

«Бул анын жеке демилгеси болчу. Ал өлкөдө иштеп жатканына болгону бир нече апта гана болду да. Дем алыш сайын базарларга барып, өлкө менен таанышып жатат», — деп билдиришти «Клоопко» элчиликтен.

Буга чейин Гаррет Бишкектин Ош базарына барып, помидор сатып алган. Анын айтымында, ал помидорлор Лондондо сатылып жаткандардан да даамдуу болуп чыккан.