Жангарачева «бул итти атып салгыла» деген аудионун айынан КСДП менен жаңжалдашты

Мира Жангарачева. Сүрөт: Маданият министрлиги

Фейсбуктагы «Беспредел.kg» тайпасы 8-август күнү белгисиз аялдын үнү менен төмөнкү мазмундагы сөздөр айтылган аудиону жайгаштырган: «Анын шаарга түшүп, талкалап салышын каалап жатасыңарбы? Силер аны атып сала албайсыңарбы, ошол итти?»

Аудионун узактыгы 7 секунд жана андан сүйлөшүп жаткандарды да, андагы маектешүүнүн контекстин да так аныктоого мүмкүн эмес.

Бирок «Беспредел.kg» аудиодогу үн Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алып жаткан учурда ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго кайрылып жаткан Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачевага таандык болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Ошол эле маалда Асановдун өзүнүн үнү угулбайт, ал эми сүйлөшүүнүн мазмунунда мурдагы президенттин ысымы айтылган эмес.

Атамбаевдин Кой-Ташта жайгашкан үйү 7-8-августта штурмга алынган. Операция учурунда бир спецназ каза таап, 170 адам жабыркаган.

КСДП аудиону текшерүүгө чакырды

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы телефон сүйлөшүүнү экспертизага алууну жана эгер аудиодо айтылгандар анык болуп чыга турган болсо кылмыш ишин козгоону суранып ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылды.

«Болбосо бийлик Атамбаевди жок кылгысы келген деген коомдук пикир бекемделе берет. Ал эми Мира Жангарачеванын жүйөөлөрүнө макул болбогон Курсан Асановдун кызматтан алынышы буга анык тастыктоо болуп калат», — деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

Партия Жангарачеваны «адам өлтүрүүгө азгырууга жана зомбулукка үндөөгө» айыптап, «калктын адеп-ахлагынын потенциалын бекемдеши» керек болгон адамдын мындай жүрүм-туруму «мамлекеттик кызматкер үчүн орунсуз» деп билдирди.

«Биз Мира Жангарачева [...] Атамбаевди мамлекетти үй-бүлөлүк-кландык ыкма салып башкаруунун башкы күрөшчүсү катары өзгөчө жаман көргөндүгүн түшүнөбүз», — деп билдиришти КСДПдан.

Жангарачева: Бул аудио — фейк

Жангарачева бул жазманы «фейк», ал эми дарегине карата айтылып аткан айыптоолорду «акчага сатылган саясий технологдордун ыплас оюндары» деп атады.

Ал сүрөт жана видео монтаж кылганды токтотууну талап кылып, эгер токтотулбаса мунун артында турган Атамбаевдин тарапкерлерин сотко берээрин билдирди.

Жангарачева кайрылуусунда «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун, мурдагы президенттин кеңечиси Фарид Ниязовдун жана УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевдин ысымдарын атаган.

«Эмне кааласа ошону чыгара беришсин. Бир-эки күн чыдайм, анан ар-намысыма шек келтирди деп сотко кайрылам. Курсан Асановду сыртынан эле тааныбасам, ал кишини билбейм», — деген Жангарачева «Азаттыкка» курган маегинде.