Ош: Айыл өкмөт жергиликтүү кеңештин депутатын сабоого шектелүүдө

Ош облустук милициясы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев жана жергиликтүү кеңештин депутаты Уларбий Байкожоевдин ортосунда 29-августта чыккан жаңжалды иликтөөдө. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ормокеев уулдары менен депутаттын үйүнө бастырып кирип ур-токмокко алган.

«Чырдын келип чыккандыгы боюнча тараптар эки башка жүйөөлөрдү келтирип жатышат. Жергиликтүү кеңештин депутатынын айтымында, ал айыл өкмөттүн ишин сындаганы үчүн [Байкожоев] ага кол көтөргөн. Ал эми айыл өкмөтү болсо, үй-бүлөлүк мамилелерде пикир келишпестиктен улам чырдаштым деп жатат» — деп билдирди «Клоопко» Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Депутаттын апасы «Клоопко» айыл өкмөт уулун мылтык менен коркутуп онго жакын бала менен токмоктогонун айтты.

«Үйдө намаз окуп жаткам, баламдын коё бергиле деген кыйкырыгын уктум. Сыртка чыксам ондой бала уулумду ичке, бөйрөкө, башка койгулап атышыптыр. Балама болушам деп жатып мен да жабыр тартып калдым», — деген эне уулу ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

«Клооптун» журналистинин Ормокеев менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Укук коргоо органдырына окуяга байланыштуу депутаттан, апасынан жана айыл өкмөттөн арыз келип түшкөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «курал колдонуу менен бейбаштык кылуу» беренеси менен катталды.

Жаңжалга катышууга шектелип айыл өкмөт башчысынын эки уулу кармалып, 1-сентябрда үй камагына чыгарылган. Ормокеев өзү ден соолугуна байланыштуу камактан ооруканага которулган.