Милициянын майору кызматынан алынды. Анын иниси Бишкектеги мушташтан улам изделүүдө

ИИМдин басма сөз кызматы милициянын майору кызматынан бошотулганын 4-сентябрь күнү кечинде маалымдады. Ал Бишкекте 28-августта орун алган мушташтын катышуучуларынын биринин агасы экени белгилүү болгон. Милиционерлер мушташкан адамдарды кармашып, андан кийин коё беришкен. Натыйжада алар качып кетишип, милиция издөө салган.

«Жеке кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси бар маселени чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдалангандыгы үчүн Чүй ОИИБнин кызматкери, милициянын майору ички иштер органдарынан айдалды», — деп айтылат ИИМдин катында.

Кызматтан бошотулган майорго карата материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча катталды.

Мындан тышкары, Ленин РИИБинин тергөө кызматынын башчысы менен тергөөчүсү кызматтарынан бошотулуп, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевге окуя болгон жерде мушташкандарды кармабай койгон милиционерлерге карата «тийиштүү чараларды көрүүнү» тапшырган.

Төрт адам катышкан мушташ Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-август күнү эртең менен орун алган. Жыйынтыгында эки адам оор жаракаттарды алган. Алардын бирөөсү кийинчерээк комага түшүп калган, бирок врачтар анын өмүрүн сактап кала алышкан. Экинчи жабырлануучуга операция керектелүүдө. Дарыгерлер алардын абалын «туруктуу, бирок оор» деп баалашууда.