Абылгазиев мушташкандарды коё берген милиционерлерди жумуштан алууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге мушташ боюнча чакырууга келген милиционерлерге карата «тийиштүү чараларды көрүүнү» тапшырып, «укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок» деп айтты.

«Ырайымсыздыгы менен таң калтырган 28-августта болуп өткөн эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш», – деп айтылат өкмөт башчысынын билдирүүсүндө.

Абылгазиев Жунушалиевге мушташ тууралуу ишти иликтөө боюнча «акыркы чараларды көрүүнү» тапшырды. Ошондой эле ал Саламаттык сактоо министрлигине мушташта жабыркагандарга «квалификациялуу жардам көрсөтүүнү» жана аларды зарыл дары-дармектер менен камсыздоону буйруду.

Төрт адам катышкан мушташ Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-август күнү эртең менен орун алган. Жыйынтыгында эки адам оор жаракаттарды алган.

Алардын бирөөсү кийинчерээк комага түшүп калган, бирок врачтар анын өмүрүн сактап кала алышкан. Экинчи жабырлануучуга операция керектелүүдө. Дарыгерлер алардын абалын «туруктуу, бирок оор» деп баалашууда.

Мушташ чыккан жерге келген милиционерлер эки катышуучуну кармашып, бирок кийин аларды коё берип жиберишкен. Андан кийин сабоого шектелгендерге издөө жарыяланып, ал эми милиционерлерге карата прокуратура текшерүү ишин баштаган.

Кашкар Жунушалиев 2-сентябрда мушташка катышкандардын бири, учурда издөөдө жүргөнү, мурда милицияда иштегенин билдирген.