Текебаев абактан чыкканына 10 күн болду. Бул аралыкта кандай билдирүүлөрдү жасады?

Үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев акыркы 10 күн ичинде бир нече басылмага интервью берген. Ал Атамбаев менен Жээнбековго, Мырзакматовго жана ага каршы козголгон иш боюнча кандай билдирүүлөрдү жасады?

Текебаев — Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушундагы оппозициячыл саясатчы. Ал 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылган, бирок арадан эки жыл өткөн соң Текебаевдин иши кайра каралып, ал үй камагына чыгарылган.

Бийлик менен кызматташуу жөнүндө. Текебаевдин айтымында, ал чыныгы саясий күчтөр, анын ичинде бийлик менен кызматташууга даяр. Бирок, эгер маанилүү маселелер боюнча компромисс жок болуп калса, ал өкмөттүн, парламенттин же президенттин аракеттеринин каталыгын көрсөтүп турат.

«Көптөгөндөр мен келе калып бардыгын ордуна коюп, маселер чечилип калат деп ишенишет. Тарапкерлеримдин арасында ар кандай топтор бар, атүгүл алардын жада калса бири-бирине карама каршы келген, шайкеш келбеген күтүүлөрү да бар. Мен тарапкерлеримдин көңүлүн калтырбай популизмге түшүп кетпей, каражаттарда, аларга жетүү мөөнөттөрүндө өз ара түшүнүшүү табышым керек», — деди Текебаев.

Атамбаев менен Жээнбековдун араздашуусу жөнүндө. Текебаев Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы жаңжалдын себептерин издештин кереги жок деп эсептейт. Анын айтымында, ушул тирешүүдө эң башкысы — эки саясатчы тең өз тууралыгынан кайтпаганы жана анын тарыхый маанилүүлүгү.

Текебаев Атамбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот, өкүмдүн мыйзамдуулугу менен адилеттүүлүгүнөн шек санабагандай «бардык катаалдык жана жоопкерчилик менен ачык» өтүп, күнөөсү далилдениши керек деп айтты.

«Бийлик ал Кыргызстандын кызыкчылыктарына жана мыйзамдуулугуна каршы оор кылмыштарды жасаган жана күч түзүмдөрүндө муну далилдөө үчүн фактылар жетиштүү деп эсептейт. Бул процесстин мурун болуп көрбөгөндүгү ушунда», — деди Текебаев.

Анын айтымында, аталган процесс Жээнбеков үчүн да маанилүү, анткени ал президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин, төрт жылдан соң Атамбаевдин ордунда болуп калышы ыктымал.

Оштун мурдагы мэри Мырзакматов жөнүндө. Текебаев аны «саясий куугунтуктун» бирден бир «курмандыгы» деп атады. Мырзакматов Оштогу эстакадалык көпүрөнүнүн курулушундагы коррупция боюнча айыпталган. 2013-жылы ага каршы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 2014-жылы жызында экс-мэр өлкөдөн качып кеткен.

Өзүнө каршы козголгон иш жөнүндө. Текебаев орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу айыбы боюнча ага каршы козголгон иши тууралуу айтып берди. Текебаевдин айтымында, кармоонун алдында 2016-жылдын февралында Венада жүргөндө аны даярдалып жаткан камоо тууралуу эскертишкен.

«Атамбаевге чет өлкөдө калганым пайдалуу эле. Бул мен автоматтык түрдө күнөөмдү мойнума алдым, коркок дегенди билдирип калмак. Бул вариант ишке ашпай калып кайтып келдим, мени камашты, алар Б планын ишке ашыра башташты», — деди ал.

Анын айтымында, Б планынын мааниси мында болгон: эгер ал күнөөсүн мойнуна алса, ага карата эркинен ажыратууга байланыштуу эмес жаза каралмак. «Албетте, мен буга да барган жокмун», — деди Текебаев. Ал ишинин кайра каралып жаткандагы негизги милдетин — акыйкатка жетүү деп билдирди.