«Апрель» телеканалы интернетте обого чыга баштады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон «Апрель» телеканалы интернет аркылуу кабар берүү форматында иштеп баштады. Бул тууралуу каналдын башкы редактору Самат Качкынов «Азаттыкка» билдирди.

«Азырынча "Апрель" телеканалынын лицензиясы бар. Ал артка кайтарып алынган эмес. Демек биздин журналисттик ишмердүүлүгүбүз мыйзамдуу. Болгону эфирге гана чыга албай атабыз», — деди Качкынов.

9-сентябрда «Апрелдин» ютуб каналында орус тилинде 24 мүнөттүк жаңылыктар видеосу пайда болгон. Ал интернет блог форматында жасалган жана алып баруучунун айтымында, редакция азырынча «форматтар менен эксперимент кылууда».

«Бизди жөн гана өчүрүп коюшту, анысы аз келгенсип жумуш кылган жерибизди да жаап салышты [...] Бирок миссиябызды улантабыз деп сөз бергенбиз: эң жаңы маалыматтарды чогултуп, өлкөдө чындагында эмне болуп жатканын айтып берүү», — деди ал.

Бийлик «Апрель» телеканалынын кеңсеси менен мүлкүн 9-августта камакка алган. Бул Атамбаев кармалган күндүн эртеси болгон. Бийлик камакка алуунун себебин мурдагы президенттин «оор кылмыштарды жасоого» шектелип аткандагы менен түшүндүргөн.

Телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложников да Аскер прокуратурасында суракка алынган. Сурак эмнеге байланыштуу болгону белгисиз.

«Апрелдин» иши чектелгенден тарта каналдын коомдук тармактардагы барактарына болгону кыска видеосюжеттер жарыяланып жаткан. Алардан көпчүлүгү Кой-Таш окуясына жана Атамбаевдин тарапкерлерине арналган.