Ички иштер министрлиги жасалма номерлүү автоунааны айдоо үчүн каралган штрафты көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары аныктап жаткан жол кыймыл эрежелерин бузгандарга каршы күрөшүү үчүн сунушталууда.
Мамлекеттик номери жасалма автоунаа башкаруу үчүн учурда иштеп жаткан жазанын өлчөмүм 10 миң сомду түзөт. Эгер ИИМдин демилгеси колдоо таап, сунуш кабыл алынса, анда айып пулдун өлчөмү 20 миң сомго чейин көбөйөт. Штрафты төлөбөй коюу үчүн эреже бузган адамга кылмыш иши козголушу мүмкүн.
«“Коопсуз шаар” долбоорунун ишинин алкагында айдоочулардын эреже бузуулары аныкталып жатат. Көпчүлүгү башка номер тагып алууну айла-амал кылып алышкан», — деп айтылат ИИМдин сунушунда.
ЖКККББнын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, жасалма мамлекеттик номер жөнүндө бардык каттоого алынган номерлердин базасы бар Мониторинг борборунун жардамы аркылуу билсе болот.
«Ал жакка жасалма номерлүү айдоочулардын багыттык маалыматтары түшүп турат. Авто инспекторлор машиналарды ушул багыттык маалыматтар боюнча токтотуп, каттоо тууралуу күбөлүктү текшерип, унаанын чыныгы номерин биле алышат», — деп билдиришти ЖКККББдан.
«Коопсуз шаар» долбоору азырынча Бишкек жана Чүй облусунда гана иштеп жатат. Жол кыймыл эрежесин бузуу үчүн авто унаа ээлерине штрафтарды 2019-жылдын мартынан тарта жазып бере башташкан.
Бийлик «Коопсуз шаарды» 2019-жылдын аягына чейин Кыргызстан боюнча ишке киргизүүнү пландап жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан өлкөнүн жолдорунда 270 камера жана 40 көчмө мобилдик аппарат пайда болот.
Долбоор ишке кирип баштагандан көп өтпөй эле айдоочулардын көпчүлүгү жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн каралган штрафтардын көптүгүнө даттанып башташкан. Кийинчерээк айдоочулардын арзы-муңдарын парламенттин депутаттары да колдоп чыгышкан.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев май айынын башында жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн каралган штрафтын өлчөмү канчалык жөндүү экендигин изилдөөнү жумушчу топко тапшырган. Кээ бир укук коргоочулар бул жол кыймыл эрежелерин бузуунун өсүшүнө алып келет жана жөө адамдардын коопсуздугуна таасир этет деп эсептешип, бул чечимди сынга алышкан.