Жалал-Абад шаарындагы таза суу түтүктөрүн жаңылоого 9,2 млн евро бөлүнөт

Жогорку Кеңештин регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад шаарындагы таза суу жана канализация түтүктөрүн жаңылоо үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы 9,2 млн евро бөлөөрүн билдирди.

Комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков «Клоопко» маалымдагандай, парламент долбоорду жактырса, ал ишке аша баштайт.

«Үч жыл мурун долбоордун биринчи этабы башталып, шаар 70 пайызга таза суу жана канализация менен камсыз болгон. Долбоордун экинчи этабына бөлүнчү 9,2 млн евро калган бөлүгүн камтыйт», — деди Алимбеков.

Төрага кошумчалагандай, долбоор үч жылга ылайыкталган. Бөлүнчү каражаттын 4 млн евросу 15 жылга кредит катары, ал эми калган бөлүгү грант түрүндө берилмекчи.

Жалал-Абад шаарындагы суу түтүктөрү жана канализация системасы союз маалында орнотулгандыктан, эскилиги жетип алмаштырууга муктаж болгон.