Тажикстан чек арага чектеш жерде курулуш иштерин баштаганы жатат — ЖМК

Баткен районундагы чек арага чектеш аймак. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы 

«Азаттык» үналгысынын кабарчысы 14-сентябрда маалымдагандай, Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен эки аймакта курулуш иштерин баштаганы жатат. Басылма жазгандай биринчи курулуш Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде башталган. Ал эми Баткен району менен чектешкен аймакка шагыл төгүлүп, тактайлар түшүрүлгөн.

Эки райондун акимдери «Азаттыка» Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдашкан.

Ал эми «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып курулуш такталбаган аймакта жүргүзүлгөнүн билдирди. Басылма кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен жерлерде эки өткөрмө бекет орнотулууда.

Фейсбуктун Айбек Мырза аттуу колдонуучусу 14-сентябрь түштөн кийин түз эфирге чыгып, Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин кайрылуусун жарыялаган. Анда Бөрүбаев Тажикстан курулуш иштерин такталбаган аймакта баштаганын тастыктаган.

«Бүгүнкү күндө Лейлек районунун жана Баткен облусунун үч чоң айыл өкмөтү анклавда калганы жатабыз. Ош — Исфана жолу жабылганы калды. Себеби 275 метр талаш тилкеге Тажикстан таш төгүп өткөрмө бекет курганы жатат […] Ак үйдөн тез арада ыкчам иш-чаралар көрүлүп, такталбаган жерлерге курулуш жүргүзүүнү токтотуп турууга чакырат элек», — деп билдирген ал.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандын чек ара кызматы комментарий алууга жеткиликсиз болду. Окуя боюнча Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнөн да маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин 10-сентябрда Кыргызстандын Ош облусундагы Араван районунун тургундары Өзбекстан Керкидан суу сактагычынын аймагына тосмо орното баштаганына нааразычылык билдиришкен. Кийинчерээк облустук администрация суу сактагыч Аравандын Гүлбаар айылына жакын жерге алмаштырылганын кабарлаган