Чек арадагы жаңжал тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган депутат ИИМде 8 саат сурак берди

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев Ички иштер министрлигинде 8 саат сурак берди.

Бөрүбаев 14-сентябрда фейсбукта түз эфирде тажик тарап кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинде курулуш баштаганын билдирип, андан тышкары, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклав болуп калышы мүмкүндүгүн айткан.

Бөрүбаев сурактын купуялуулугу жөнүндө тилкатка кол койгондуктан, сурак тууралуу маалымат берген жок.

Материал жарык көрөөр алдында ИИМдин басма сөз кызматы комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрда курчуп кеткен. Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, Тажикстан чек аранын белгиленбеген жер тилкесинде курулуш иштерин баштаган.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун айтымында, тажик тарап Максат айлында пост кура баштаган.

16-сентябрь күнү кечки маал Лейлек районунун Максат айылына жакын жайгашкан чек ара тилкесинде ок атышуу орун алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бир кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам жаракат алган. Тажикстан тарап 12 адам жабыркаганын билдирген.

Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.