Тажикстан кыргызстандыктар үчүн «Кулунду автожол» көзөмөл өткөрмө бекетин кайра ачты

Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлагандай, кыргызстандыктарга «Кулунду автодорожный» көзөмөл өткөрмө пунктунан өтүүгө уруксат 18-сентябрь күнү кечинде берилген. Учурда Тажикстан менен чектеш беш өткөрмө бекетинин бардыгы кадимкидей тартипте иштеп жатат.

Тажикстан кыргызстандыктар үчүн «Кулунду автодорожный» көзөмөл өткөрмө пунктун 17-сентябрда бир тараптуу жаап койгон. Бул эки тараптын төрт адамын курман кылган кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын шартында болгон.

Кыргыз бийлиги 13 жабырлануучу, ал эми тажик бийлиги 12 адам жарадар болгонун билдирген. Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда.