Атамбаевдин тарапкерлери мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтиришкен — ИИМ

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев менен Памир Асанов Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамкомиссиясынын жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери кагылышуу болгон күндөрү мамлекетке 8,2 млн сом зыян келтиришкенин билдиришти.

ИИМдин башчысынын орун басарлары 19-сентябрда Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамкомиссиясынын мүлөрүнүн алдында баяндама жасап чыгышты.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, 8-августтан 9-августка караган түнү белгисиз адамдар Бишкектеги имараттарга дээрлик 1,5 млн сомдук зыян келтиришкен.

«“Бишкексвет” муниципалдык ишканасына 53 миң сомго, “Бишкекасфальтсервиске” — 110 миң сомго зыян тийгизилген. Ошондой эле автобустардын айнектери талкаланган — 1,2 млн сом. Эң эле чоң зыян милициянын Беш-Күнгөй айылындагы бөлүмүнө тийгизилген», — деп айтып берди ал.

Анын кесиптеши Памир Асановдун айтымында, жалпысынан Кой-Таш жаңжалы боюнча 52 укук бузуу учуру катталган.

«Кой-Таштагы окуялар боюнча 16 адам кармалып, алардын ичинен сегизи абакта. Бишкектеги массалык баш аламандыктар фактысы боюнча жети адам кармалып, бешөөсү камакка алынган», — деди Асанов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-8-августта жүргүзүлгөн. Операциянын биринчи күнүндө күч кызматкерлери Атамбаевди кармай албай коюшуп, арадан бир нече саат өткөндөн кийин спецназчылар мурдагы президенттин тарапкерлерине тутукунга түшүп берүүгө аргасыз болушкан.

Атамбаев 8-августта бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин бийликтин колуна түшүп берген. Ошол эле күнү кечинде анын миңге жакын тарапташы Ала-Тоо аянтына чогулган. Алар учурдагы бийликке каршы ураандарды чакырып, «агрессивдүү маанайда» болушкан. Милиция аларды бир нече сааттан кийин кууп таркаткан.