Бишкектин борборунда соттун тыюусуна карабастан жаратылышты коргоо боюнча митинг болуп өттү

Жаратылышты коргоо боюнча Ак үйдүн алдында болуп өткөн митинг// Евгения Михайлиди, «Клооп»

Жети активист Жогорку Кеңештин имаратынын алдында коруктар менен мөңгүлөрдү коргоо боюнча митинг өткөрүштү. Бишкектин Биринчи май райондук соту сентябрдын аягы чейин ар кандай митингдерди өткөрүүгө тыюу салганына карабастан, бул акция кармоолорсуз өттү.

Митинг 25-сентябрда Бишкектин борборунда өттү. Жети активист Кыргызстанда «мөңгүлөр менен коруктарга толугу менен кол тийбестик» берилишин талап кылышты.

Митингдин уюштуруучусу Элери Битикчинин айтымында, алар «тоо кен тармагындагы эл аралык келишимдердин ачык-айкындыгын» жана Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык келишимдин ачыкка чыгарылышын талап кылышууда.

«Бизди кармап кетишпейт деп сүйлөшкөнбүз. Биз легалдуу жол менен барабыз. [...] Биз отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү Кожобек Рыспаев менен жолугушууга билдирме таштап кетебиз», — деди Битикчи.

Бул митинг бийлик тараптан тыюу салуу болгонуна карабастан болуп өттү. Мурдараак Бишкектин биринчи май райондук соту шаардын борборундагы чогулуштарга тыюу салган. Сот мындай чектөөлөрдү «шаар тургундарынын тынчсыздануусу» менен түшүндүргөн.

Уюштуруучулар баштарына илбирстердин тумшугу чагылдырылган сүрөттөрдү кийип, бул тыюуну формалдуу айланып өтүүгө аракет кылышты.

Жаратылышты коргоо боюнча Ак үйдүн алдында болуп өткөн митинг// Евгения Михайлиди, «Клооп»

«Тыюу жаныбарлар, канаттуулар жана балыктарга жайылбайт. Ошондуктан акцияга илбирстер чыгат. Адамдар жаратылышта да, жаныбарларда да укуктары бар экени тууралуу ойлонуп көрүүсүн каалайбыз. Муну биздин ата-бабаларыбыз жакшы түшүнүшкөн», — деп айтты Битикчи.

Митингге көз салып турган милиция кызматкери бузуу тууралуу протокол түзбөй турганын айтты, анткени активисттер акциясын эскертүү берилгенден кийин токтотушкан. Бирок митинг өзү бир саатка чукул уланган.

Бул сентябрдын ортосунда Бишкек ИИББнин кызматкерлеринин басымынан улам болбой калган климатты коргоо боюнча митинг эмес, жаралытылышты коргоо митинги.