Финансы министрлиги ведомствонун башчысынын иш бөлмөсүндө тинтүү болгонун четке какты

Каржы министрлиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭКККМК) кызматкерлери финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзгөнүн төгүндөдү.

Министрликтен ЭКККМКнын кызматкерлери министр Жээнбаеванын иш бөлмөсүнөн эмес, кызматтык керектөөдөгү документтер сакталган бөлмөдөгү документтерди алып кетишкенин кабарлашты.

«Чындыгында 26-сентябрда Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун акчаларды мыйзамсыз пайдаланышылышы боюнча документтерди алышкан. Документтерди алууга министр Бактыгүл Жээнбаева уруксат берген», — деп айтылат финансы министрлигинин маалыматында.

Kaktus.Media басылмасы 29-сентябрда өз булактарына таянып маалымдагандай, Жээнбеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, ал эми ал өзү финполго суракка чакырылган.

ЭКККМКнын басма сөз катчысы Анастасия Пискур 30-сентябрда «Клоопко» билдиргенине караганда, тергөө суракка чакырылгандар тууралуу маалыматты ачыктабайт. Каржы министринин пресс-релизинде да сурак тууралуу маалымат берилген эмес.