Өкмөт «Азаттыктын» операторуна кол салуу боюнча жагдайга кабатырланууда — Султаналиев

«Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчумановго 28-сентябрда Ош шаарында кол салышкан. Ал бажынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнөн алыс эмес жерде дронго тасма тартып жүргөн. Кулчумановго күч колдонуп документтери менен техникаларын тартып алышкан.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев 30-сентябрда «Клоопко» билдиргендей, өкмөт Айбек Кулчумановго кол салууга «кабатырланууда», бирок окуянын чоо-жайын тергөө териштирет.

«Ошону менен бирге, окуя турмуштук негизде чыкканына жана сөз эркиндигине, журналисттик ишмердикти кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жоктугуна ишенгим келет», — деп кошумчалады өкмөттүн басма сөз катчысы.

Ал «Клооптун» журналистинин тактоо суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева укук коргоо органдарын Кулчумановго кол салууну «кылдат иликтөөгө» чакырган.

Ош милициясы «Азаттыктын» операторуна кол салган кишилер Райымбек Матраимовдун жакындары болушаарын кабарлаган.

Кулчумановго кол салгандар 1,5 млн сомдук жабдууларын, документтерин, унаанын ачкычын жана дрон башкарган пультту тартып алышкан.

Кулчуманов милицияга арыз жазган. Ош ШИИБси «Карактоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Кол салгандар да басылманын кызматкерине карата арыз жазышкан.