Аида Касымалиева «Азаттыктын» журналистине кол салууну «кылдат иликтөөнү» талап кылды

30-сентябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева укук коргоо органдарын «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууну «дыкат иликтөөгө» чакырды.

«Коом да аны талап кылышы керек. Бул бир гана журналисттин кызыкчылыгы эмес, бул коомдун кызыкчылыгы. Себеби, маалымат ачык болгондо гана алдыга жылуу болот», — деди ал.

Аида Касымалиева парламенттин депутатынын мандатын алганга чейин бир нече жыл «Азаттыкта» иштеген.

  • Ошто 28-сентябрда Айбек Кулчумановго кол салуу болгон. «Азаттыктын» оператору бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйнөн алыс эмес жерде журналисттик иликтөө үчүн дронго видео тартып жүргөн.
  • Белгисиз төрт адам Кулчумановго кол салып, анын документтери менен 1,5 млн сомдук жабдууларын алып алышкан.
  • Кулчуманов милицияга арыз жазган. Милиция «Карактоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган. Кол салгандар да «Азаттыктын» журналистине карата арыз жазышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто «Азаттыктын» журналисттеринин техникасы каракталды. Кол салгандар Матраимовдордун кишилери болушу ыктымал