Мурдагы экономика министри Үмөталиев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев күбө катары Аскер прокуратурасына суракка чакырылганын кабарлады. Ал 2-октябрда тергөөчү менен жолугушууда болуп калышы керек.

«Эмне себептен чакырып жатышканы белгисиз, түшүнүксүз. Суракка барам. Адвокатымды кошо ала барам», — деп билдирген Үмөталиева «Азаттыкка».

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматы менен байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Эмил Үмөталиев 2011-2012-жылдары Экономикалык өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Учурда ал Kyrgyz Concept компаниясынын башчысы болуп эсептелет.