Сокулук: Окуучу автобустун алдында калып каза тапты, айдоочу кармалды

Чүй облусунун ЖКККБсынын басма сөз кызматы №18 автобустун айдоочусу кармалганын билдирди. Бир күн мурда, 3-октябрда, ал башкарып бара жаткан автобустун алдында 5-класстын окуучусу каза тапкан.

Мэриядан окуяны күтүлбөгөн кырсык катары сыпатташты. Алардын маалыматына ылайык, бала автобустан чыгып баратканда курткасынын боосу эшикке илинип калган. Айдоочу аны байкабай калып, ордунан жылганда бала автобустун дөңгөлөгүнүн алдында калып каза тапкан.

Бишкектин вице-мэри маркумдун үй-бүлөөсүнө жардам берүүнү жана анын тажиясын уюштурууну тапшырды.

«Окуя дыкат текшерилип, укуктук баа берилип, айдоочунун жоопкерчилиги аныкталат. Биз бул окуя болуп кеткенине терең өкүөбүз, баланын ата-энесине чын жүрөктөн көңүл айтабыз», — деп кошумчалашты мэриядан.