Талас: Милиция 16 жаштагы кызды ала качуу делген видеону текшере баштады

Фейсбуктагы «Беспредел KG» тайпасында 7-октябрда кыз ала качуу тартылган видео пайда болгон. Видеонун түшүндүрмөсүндө окуя Таласта болгону, ал эми кыз 2003-жылы туулганы, жашы болгону 16да экени, андан тышкары, аны 35 жаштагы киши мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып кеткени айтылган.

Элдик кабар. Таласта 2003чу жылкы кызды 84чу жылкы бала ала качып кетти. 6 октябр, 2019

Posted by БеспределKG on Sunday, October 6, 2019

Видеодо аялдар кыздын колун кармап турушкандары жана ал кыйкырып, кутулуп кетүүгө аракет кылганы көрүнүп турат. Фондо баян ойноп жатканын, дагы бир кишинин «Кармабайсыңарбы?!» деген үнүн угууга болот.

Талас ОИИБнен «Клоопко» кыз ала качуу тууралуу арыз түшпөгөнүн, бирок милиция бул иш боюнча териштирүү баштаганын билдиришти.

«Биз азыр [кыз ала качуу] фактысы болуп-болбогонун текшерип атабыз. Милицияга арыз түшкөн эмес», — деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Статистика боюнча, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз макулдугу жок нике кыюуга уурдалган (ала качуу).

Беш жыл мурун Кыргызстандын кылмыш кодексинде ала качуу үчүн жаза пайда болгондон кийин, 2018-жылдын ноябрына карата жалпы 895 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 18% гана кылмыш иши козголгон, ал эми сотко болгону 28 учур гана жеткен.