Айтматовдун уулу Түркиянын Кыргызстандагы элчисин сотко берди

Мурдагы тышкы иштер министри, Чыңгыз Атматовдун уулу Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты сотко берди.

Айтматовдун сотко кайрылуусуна Түркиянын Кыргызстандагы элчиси аны түрк бийлиги террористтик деп эсептеген «ФЕТО уюмунун мүчөсү» деп атаганы себеп болгон.

«Дипломат үчүн өзү жүргөн өлкөнүн жарандарын оор кылмышка катышууга ачык айыптоо таптакыр орунсуз», — деп жазган Айтматов доо арызында.

Ал Женгиз Фыраттан тараткан маалыматтарын «чындыкка коошпогонун» мойнуна алууну жана төгүндөө жарыялоону талап кылды.

Түркиянын элчилигинен «Клоопко» дипмиссиянын башчысына карата доо арыз берилгени тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Айтматов 2019-жылы жайында ЖМКлар аркылуу түрк элчисине кайрылып, андан «ФЕТОнун мүчөсү» деп атаганы үчүн кечирим суроосун талап кылган болчу. Анда Түркиянын элчилиги Аскар Айтматовдун кайрылуусун «өтө маанисиз жана деңгээли төмөн кат» деп атаган.

Айтматов менен Камил Фраттын ортосундагы чыр жөнүндө кененирээк:

Кыргызстандын ТИМинин мурдагы башчысы Түркиянын элчиси менен урушуп кетти. Кыскача