Ош драма театрын оңдоого 16 млн сом бөлүндү

Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында капиталдык оңдоп-түзөө иштери сентябрдын аягында башталган. Театр 1974-жылы салынып, андан бери оңдолгон эмес.

Театрдын өкүлү Шералы Бекбашов «Клоопко» билдиргендей, маданий жайды оңдоого мамлекеттик бюджеттен 16 млн сом бөлүндү. Бул каражатка имараттын фасады, коридорлор, гримдөө бөлмөлөрү жана сахналар оңдолот.

29-ноябрь күнү театрда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган фестивалдын жабылышы өткөрүлөт. Ушул убакытка чейин оңдоо иштерин аягына чыгаруу пландалууда. Ошондой эле, иш-чарага президент Сооронбай Жээнбековдун келүүсү күтүлүүдө.

2019-жылы «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп аталган. Анын алкагында апрель айында калаада бир катар маданий иш-чаралар бөлуп өткөн. Ал эми 2020-жылындагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп Өзбекистандагы Хива шаары жарыяланды.