Бир цитата менен: Икрамов депутаттарды парламентке акча үчүн келбейт деп билдирди

«Өзүңүздөр билесиздер Жогорку Кеңеште эч кандай бюджет жок. Көптөгөн кыскартууларга бардык. Жогорку Кеңешке чындыгында патриот адамдар келет. Мүмкүн көбү “акча табат” деп башкача ойлошот. Бул жерде өзүнүн мекени үчүн күйгөндөр отурат. Парламентте ыйык трибуна бар. Мына ошол жерде элдин сөзүн өкмөткө жеткирип, болбосо өкмөттө коррупция болуп атса биз гана көтөрүп, “бул жерде коррупция болуп атат, өкмөт туура эмес иштеп атасыңар” деп элдин атынан гана сүйлөй турчу трибуна бар».

Мындай комментарийди депутат Тазабек Икрамов «Азаттык» үналгысына берген. 16-октябрда коомдук тармактарда парламентарийлер мандаты үчүн төлөшөт деген талкуу жаралган эле.

Буга чейин эл өкүлү Кожобек Рыспаев да Жогорку Кеңеште «кыргыз элинин элитасы» отурат деп билдирген.

Икрамовдун парламенттин бюджетиндеги кыскартуулар жөнүндө билдирүүсүнө карабастан, депутаттардын маянасы башка бюджеттик кызматкерлердикине караганда жогору. Мисалга, 2018-жылга карата эл өкүлүнүн орточо айлыгы 30 миң сомду түзгөн. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда орточо эмгек акы 16 миң сомго чукул акчаны түзөт.

Эмгек акыдан тышкары депутатар башка да кошумча акча алышат — мисалы, жылына бир жолу кыш айларына кам көрүүгө 40 миң сом алышат. Бул каражат жашылча-жемиштерди жана варенье консервациялоо үчүн берилет. Дагы ай сайын депутаттарга «башка керектөөлөр» үчүн 40 миң сомдон төлөнүп берилет.

Тазабек Икрамов деген ким?

Тазабек Икрамов 2015-жылдагы шайлоодон кийин парламентке «Өнүгүү — Прогресс» партиясынан келген. Буга чейин ал Ош жана Жала-Абадды Өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын башкы директорунун кеңешчиси болгон.

Икрамовго байланыштуу бир нече ызы-чуу чыккан. 2018-жылы декабрда ал «билим берүүнүн отличниги» наамын алган, бирок болгону эки жыл гана дене тарбиядан сабак берген. Бул чоң ызы-чуунун чыгышын шарттаган, анткени мындай наам алыш үчүн билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ болуу керек. Икрамов наамды «Жалал-Абадда жаш спортчулардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» алганын билдирген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын мартында эл өкүлү жолдо «тоскоолдук болбошу» жана эл «өзү добуш берген» депутаты келгенин билиши үчүн эл өкүлдөрүнүн автоунааларына атайын KG номерлерди кайтаруу керектигин билдирген.