«Азыр мен коопсуз жердемин» — КСДПнын мүчөсү Айтикеев Кыргызстандан чыгып кеткенин тастыктады

Журналист жана Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Европа өлкөрүнүн биринде «коопсуз жерде» экенин vesti.kg басылмасына курган маегинде айтты.

Анын айтымында, 9-августта күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башка тарапкерлери Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиевди кармашкандан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечкен.

«Камалуу коркунучунда турганымды түшүнгөм [...] Ошондой эле “органдарда” иштеген тааныштарым да мага карата чара көрүшөөрүн кыйытып айтышкан. Ошондон кийин үй-бүлөм менен сүйлөшүп, азырынча коопсуз жерде болуп туруу чечими кабыл алынган», — деп билдирген Айтикеев.

Айтикеев Кой-Таш окуясынан кийин милиционерлер үй-бүлөсүн жана досторун «бир нече жолу» суракка алышканын кошумчалаган.

«Эки ай бою апам, аялым менен байланышка чыкпай, кичинекей кызымды көрө албай жүрдүм [...] Эки айдан соң гана аларга жолугуша алдым», — деген Айтикеев.

Анын айтымында, партия боюнча тарапкерлердин бирөөсү да ага жашынууга жардам берген эмес, анткени ал учурда сурак берип жатышкан, ал эми айрымдары камакка алынган болчу.

«Мага оппозицияга да, бийликке да тиешеси жок адамдар жардам беришти. Бул белгилүү адамдар, алардын атын атагым келбейт. Аларга абдан ыраазымын», — деп айткан Айтикеев.

«Азаттык» үналгысы 17-октябрда өз маалымат булактарына таянуу менен Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда жүргөнүн кабарлаган. Ал Атамбаевдин жигердүү тарапкери болгон жана 7-августта мурдагы президенттин резиденциясы штурмга алынып жаткан учурда түз эфир алып көрсөткөн.

Учурда Атамбаев УКМКнын ТИЗОсунда камакта. Ага каршы бир нече айыптар тагылган. Мындан тышкары, бийлик Атамбаевдин башка тарапкерлерин кармаган. Кармалгандардын арасында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Фарид Ниязов бар, ал эми Жогорку Кеңештин эки депутаты Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина үй камагында.