Ош милициясы «бийлик исламга тоскоолдук кылып жатат» деген маалыматты төгүндөдү

Соцтармактарга 19-октябрда мечиттин жанында милиционерлер менен эркек кишилердин ортосунда орун алган пикир келишпестик тартылган видео тараган.

Анда милиционерлер жума намазга келгендерге кайрылып жашы жете электерге карата рейд жүрүп жатканы боюнча маалымат берип жатышканын көрүүгө болот. «Алар сабакка барышы керек да. Сабакты таштап коюп жумага келип жатышат», — деп билдирген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири.

Тасмада милиционерлердин айткан сөздөрүнө чогулгандардын бирөөсү «Кыргызстан мамлекети жумага каршыбы?» деп кыйкырганы угулат. Мындан тышкары, башка бир киши жаш балдарды унааларга салып кетүүнү сынга алып, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин мектепке барып жүргүзүүнү айтат.

Аталган видеого байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 22-октябрда кечке жуук пресс-релиз жарыялады. Анда Кыргызстандын бийлик органдары ислам динине тоскоолдук кылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп жазылган.

Ошондой эле тасма Кара-Суу шаарынын «Ас-Сарахсий» мечитинде тартылганы кабарланып, диний жай милиционерлердин өзгөчө көзөмөлүндө болгону кабарланат.

«Бул мечиттин мурунку имамы Рашод Камалов экстремисттик уюмдун идеологиясын таркатып жүргөн үчүн соттолгон. Ошондой эле азыркы имамы КМДБнын фатвасын аткарбай, Орозо айт намазды бир күн мурда окугандыгы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул себептерден аталган мечитке өспүрүмдөрдүн барышына милиционерлер мыйзам чегинде көзөмөл жүргүзүп келет», — деп жазылган пресс-релизде.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» аталган мечиттин учурдагы имамына каршы иш «Экстремисттик уюмду түзүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын айтты. Ошондой эле Аширбаев ишти УКМК тергеп жатканын кошумчалады.

Ош облустук милициясы октярбдын ортолорунда мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо максатында рейд жүргүзгөн. Бир нече күнгө созулган иш-чаранын жыйынтыгы менен мектепке барбай жүргөн 91 бала аныкталган. Анын тогузу окууга такай барышкан эмес.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Мекемеден кийинчерээк байланышууну айтышты.

Кара-Суудагы шаарындагы «Ах-Сарахсий» мечити жума намазга 5 миңге чукул адам чогултат. Мечиттин мурдагы имамы Рашод Камалов 2015-жылы «Диний аралык кастыкты козутуу» жана «Коомдук иш-чараларда экстремисттик материалдарды таратуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып 5 жылга соттолгон.