Мэрия Ататүрк паркындагы жерлердин мыйзамсыз берилиши боюнча иликтөөгө комментарий берүүдөн баш тартты

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси ал иликтөөгө комментарий бербей турганын билдирди. Анткени анын «жер тилкелерге тиешеси жок». Муниципалитет жерлерди кайтарууга аракет кылабы же жокпу азырынча түшүнүксүз.

Мэриянын басма сөз кызматынан сейил бактагы жерлер боюнча иликтөө тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты жана суроолорду мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетовага берүүнү айтышты.

Алмамбетова өзү мэр Азиз Суракматов Ататүрк паркында берилген «жер тилкелерге тиешеси жок» деп билдирди.

«Эмне үчүн ал комментарий бериши керек? Эмне үчүн Бишкектин мэри комментарий берүүгө милдеттүү болушу керек?», — деп айтты ал.

Мэрдин кеңешчиси журналисттик иликтөө менен таанышып чыкканын кошумчалады. «Муниципалитет иликтөө менен алектенбейт. Иликтөө менен укук коргоо органдары иш алып барышат», — деди Алмамбетова.

Ошого карабастан, Суракматовдун эки эжеси парктан жер алган. Клара Бакчиева жана Майрамгүл Давлеталиева.

«Клооптун» журналисттери шаардык ички иштер башкармалыгына да кайрылып, парктагы жерлердин мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш ишинин бары-жогу боюнча кызыгып көрүштү. Башкармалыктан кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты. Башкы прокуратурадан расмий сурамкат жиберүүнү айтышты.

«Клооп» 23-октябрда Бишкек бийлиги жылдар бою Ататүрк паркындагы жерлерди кантип мыйзамсыз таркатып жибергени боюнча иликтөө жарыялаган. Жер алгандардын көпчүлүгү колунда бар адамдар болгон жана жерге муктаж эмес эле. 2000-жылдан 2008-жылга чейин 181 жер тилке берилген.