Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссиянын 17-октябрдагы отурумунда Сулайман тоонун буфердик аймагында курулушка коюлган чектөөлөрдү алып салуу сунушталды.
Сулайман тоонун буфердик аймагы 2009-жылы белгиленген. Ага ылайык аталган аймакта бийик имарат курууга тыюу салынат. Анткени, курулуштар тоонун көрүнүшүн тосуп калбашы керек.
Мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы Рысбек Кокоев билдиргендей, буфердик аймакта беш кабатка чейин гана имарат курууга болгондуктан бийиктикке коюлган чекти алып салуу керек.
«Сулайман тоонун бийиктиги 195 метр. Бул жагдайды ЮНЕСКОнун өкүлдөрү менен сүйлөшүү керек. 50-60 кабат үйлөр курулса да тоонун көрүнүшү тосулуп калбайт», — деп эсептейт Кокоев.
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси Мирланбек Казыбай уулу «Клоопко» шаарда бийик имараттар болушу керектигин айтты.
«Буфердик аймакка аябай көп жерди белгилеп коюшкан, аны кыскартуу керек. Бирок ЮНЕСКОнун да тизмесинен чыгып калууга болбойт. Ошондуктан талап кылган жокпуз, мүмкүнчүлүктөрүн карап берүүнү сунуштадык», — деп билдирди ал.
Казыбек уулу кошумчалагандай, тоонун буфердик аймагына чектөөлөр киргизилип жатканда аталган маселе шаар бийлиги менен макулдашылган эмес.
«Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев «Клоопко» маалымдагандай, курулушка коюлган чектөөлөрдү алып салуу тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарышы мүмкүн.
«Буга чейин да мындай сунуштар болуп келген, бирок ишке ашкан эмес. ЮНЕСКО менен болгон келишимдеги талаптар аткарылбаса, анда Сулайман тоо дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү Ибайдуллаев.
Ош шаарынын Ленин көчөсүндө «ЭМАКОМ» компаниясы алты кабатуу турак жай курулуп жатат. Аталган жер тилке буфердик аймакка киргени менен компания бийиктикке коюлган талапты аткарган эмес.
Прокуратура 2019-жылдын февралында курулуш уруксат кагаздары жок башталганын аныктаган. Учурда Ош ШИИБи аталган ишти тергеп жатат. Ал арада курулуш иштери уланууда.
Сулайман тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы кошулуп, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон.