«Кыргыз Көмүр» мамишканасынын директорун белгисиз адамдар сабап кетишти

«Кыргыз Көмүр» мамишканасынын директору Канатбек Ашырбаев 31-октябрь күнү түн жарымда белгисиз адамдар тарабынан сабалган.

Бул тууралуу «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Turmush» басылмасына кабарлаган. Анын айтымында, Ашырбаевди «Туңгуч» кичирайонундагы машыгуу залынан чыгып бара жатканда белгисиз бет капчан эки адам сабап кеткен.

Маалыматка ылайык, Ашырбаев медкароодон өткөн жана балы «канааттандыраарлык» деп бааланган. Ал 1-ноябрда жумушка чыкты.

«Ага шов коюшту. Бүгүн абалы туруктуу. “Кыргыз Көмүрдүн” жумушу директордун сабалышына байланыштуу токтоп калган жок», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Учурда кол салуу фактысын Октябрь РИИБнин кызматкерлери иликтеп жатат.