Бишкектин мурдагы мэрлери сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышты

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов 4-ноябрь күнү Ленин райондук сотунда көрсөтмө берүүдөн баш тартышты.

Алардын адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, алар «сотто актангылары келбейт, анткени ансыз да баары белгилүү болуп калган».

«Негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбашыбыз керек деп эсептешет», — деди ал.

Кулматов сот процессин «баш аламандык» деп атап, камалаарым тууралуу эскертишкендиктен, өлкөдөн качып деле кете алмакмын деп билдирди.

«Бирок мен качпайм. Бул менин өлкөм. [...] Бирок актанбайм. Мектеп турат. Айып орундуктарында отурган бул адамдардын баары бардыгын чын жүрөктөн кылышкан. Силер бизди отургуза аласыңар, бирок биз жүрөк жана жаныбыз менен эркинбиз», — деди ал.

Ибраимов болсо сот кандай чечим чыгара турганы түшүнүктүү болуп калганын айтты.

«2017-жылы тандасаң да, тандабасаң да баары бир, бир адам президент болот деп жакшы ураан айтылган. Бул жерден да силер бир эле чечим чыгарасыңар», — деп кошумчалады ал.

Саясатчылардын экөөсү тең мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрү. Учурда мурдагы мэрлер УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Атамбаев өзү жана анын жакын үзөңгүлөштөрү да ар кандай кылмыштарга айыпталып УКМКнын тергөө абагында. Ошондой эле мурдагы президент да Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Экс-мэрлердин үстүнөн сот

Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо конушунда мектеп курууда кытайлык гранттын эсебинен 2 млн долларды мыйзамсыз пайдаланган делип айыпталууда.

Албек Ибраимов болсо Бишкектин мэрлик кызматындагы коррупцияга, андан тышкары, «муниципиалдык жерди мыйзамсыз берүүгө» жана «Нурлуу жээк» пансионатын сатууга байланыштуу айыпталууда. Мындан тышкары, анын ысымы Кубанычбек Кулматовдун ишинде да фигурант катары аталууда.

Кулматов жана Ибраимов учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы араздашуунун шартында кармалышкан. Камакка алынгандан кийин экс-мэрлер өздөрүнө тагылып аткан айыптарды «саясий» деп аташкан.

Алардан тышкары, бул иш боюнча дагы 13 адам айыпталуучу катары өтүп жатат.