ОшМУнун жаңы ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды

ОшМУнун ректорлук кызматына буга чейин Жогорку окуу жайдын жетекчилик милдетин убактылуу аткарып келген Кудайберди Кожобеков шайланды. Ал добуштардын 96 % ээ болгон.

Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева тастыктады. ОшМУнун ректорун шайлоо 2019-жылдын 5-ноябрында болуп өттү.

Кудайберди Кожобеков үчүн окуу жайдын кызматкерлеринин 1532си добуштарын берген. Бул кызматка жаңы шайланган жетекчиден тышкары, үч талапкер ат салышып, шайлоого 1737 мугалимдин ичинен 1594ү катышкан.

Кожобеков 43 жашта. Ал 2017-2019-жылдары мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын орун басары болуп эмгектенген. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

Кожобековго чейинки ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 11-сентябрда Билим берүү министри болуп дайындалган.

Билим берүү министрлигинин жетекчилик кызматына Исаков экс-министр Гүлмира Кудайбердиева 2019-жылы 4-сентябрда отставкага кеткенден кийин келген.

Исаков ОшМУну 2011-жылдан тарта жетектеген. Ошондой эле ал 2012-2016-жылдары КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.