ОшМУнун ректору Каныбек Исаков билим берүүнүн министри болуп дайындалды

Исаковдун дайындалышы тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-сентябрда кол койду.

Каныбек Исаков 2011-жылдан баштап министрлик кызматка дайындалганга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенген. Ошондой эле ал 2012-2016-жылдары КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.

Билим берүүнүн башчылык кызматына Исаков мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда отставкага кеткенден кийин келди.