Ататүрк паркындагы үй.  «Клооп» үчүн Светлана Зеленскаянын сүрөтү

«Клооптун» журналисттери Бишкек мэриясы узак жылдар бою Ататүрк паркындагы участокторду жеке адамдарга таратып берип келгенин аныктаган. Парктын жерлерин депутаттар, бизнесмендер, судьялар, мамкызматкерлер жана алардын туугандары алган.

Кээ бирөөлөрү колуна тийген участокторуна хан сарайларды курушкан, айрымдары болсо жерлерин сатып жиберишкен. Биз бүгүнкү материалда мурда парктан жер алган маданий ишмерлер жана билим берүү тармагындагы кызматкерлер тууралуу айтып беребиз.

Университеттин профессору

2003-жылдын ноябрында Чынарбүбү Түлеева Бишкек мэриясынан аянты 1000 чарчы метрди түзгөн участокту бекер алган. Ал ошол убакта Кыргыз архитектура жана курулуш институтунда (ред. — учурдагы КМКТАУ) чет тилдер кафедрасынын башчысы болуп турган.

2018-жылдын декабрында Түлеева Ататүрктөгү жер эч качан ага таандык болбогонун «Клооптун» журналисттерине айткан. «Мен такыр эч нерсе билбейм. Ал тургай эсимде да жок, мен ал жакта жашабайм», — деп билдирген ал.

Бирок, 2019-жылдын жай мезгилинде башка журналистке курган маегинде, мэриядан чын эле бекер жер алганын мойнуна алган.

«[Университетте] кафедранын жетекчиси болуп иштеп тургам, мага бир жер тилкеси берилиши керек эле. Адамдар жүздөгөн участок алышып, гектарлап алышат, а мага болсо кичинекей жер беришкен. Ал жактан мен гана эмес — толтура адамдар жер алышкан», — деген Түлеева.

Анын айтымында, мэрия анын жерин 2006-жылы кайра алып алган — ошол убакта ал университеттен кеткен эле. Бирок, «Клооптун» колуна тийген документтерге ылайык, Түлеева участогун сатып салган.

Университеттин ректору

Жумабек Тентиев аянты 880 чарчы метрди түзгөн участокту 2003-жылы бекер алган. Ал ошол убакта Кыргыз архитектура жана курулуш институтунда (ред. — учурдагы КМКТАУ) иштеп турган.

Тентиев 1996-жылы сейил бакка караштуу жеринин бир бөлүгүн университет үчүн жаңы кампустун курулушуна бөлүп берүү өтүнүчү менен бийликке кайрылган. Участок бөлүнүп берилип, ал жакта стадион, лаборатория, административдик имарат, амфитеатр жана мечит куруу пландалган болчу.

Бирок, алынган жерде булардын ордуна мечит эле курулган. Мындан кийин мэрия участокту өзүнө кайтарып алган, анан тилке-тилке кылып жеке колдорго таратып салган. Тентиев өзү да жерлердин бир бөлүгүн алган.

Арадан төрт жыл өткөндөн кийин Тентиев бул участокту Айжаңыл Садыбакасова аттуу бирөөгө саткан. Жердин жаңы ээси ал жерде чоң үй кура баштаган.

«Мен [Кыргызстандын] жаранымынбы же эмне? Жок, мен Кыргыз Республикасынын жараны экенимди түшүнүп жатасыңбы? Мен он жыл бою депутаттык комиссияна жетектегем — анан өзүмө кичинекей жер ала албаймынбы?» деп айткан Тентиев «Клооптун» журналистине.

Акын

Вячеслав Шаповалов акын эле эмес, которуу теориялары тууралуу илимий макалалардын да автору, ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин мурдагы проректору.

2004-жылы мэрия ага 800 чарчы метрлик участокту бекер берген. Бирок ал участогун беш ай өткөндөн кийин эле сатып жиберген. Бул жерде эмдигиче эч нерсе курула элек.

Шаповалов «Клооптун» журналистине түшүндүрүп бергендей, ал үчүн мэриядан жерди университет сураган жана бул өтүнүч узак убакыттан кийин аткарылган. Анын айтымында, ал участокто үй кургусу келген, бирок кийин бул ойдон баш тартып, жерин «чоң эмес суммага» сатып салган.

«Мекени үчүн көп нерсе кылган Кыргызстандын белгилүү жарандарын жер тилкелери менен сыйлашкан. Менин оюмча, эгер мен илимдин доктуру, профессор, бир нече академиянын корреспондент-мүчөсү, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты ж.б.у.с. болбосом, анда мен бул участокту албайт элем», — деди Шаповалов.

Опера ырчысы

Кайыргүл Сартбаеванын ысымы совет доорунда белгилүү болгон, ал опера ырчысы катары таанымал. Мэрия Ататүрк паркындагы 800 чарчы метр жерди ага 2004-жылы бекер берген.

Арадан төрт жыл өткөндөн кийин Сартбаева Мээрим Бейшенова аттуу бирөөгө участокту белекке берген. Бирок, экөөнү эмне байланыштыраары белгисиз. Бүгүнкү күндө участокто курулуп бүтө элек үй турат.

Сартбаева журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Пианист кыз

Айтурган Турапова — опера ырчысы жана парламенттин экс-депутаты Каримберди Тураповдун кызы. Учурда Турапов Кыргыз улуттук опера жана балет театрын жетектейт.

Анын кызы парктан 800 чарчы метрди тузгөн участокту 2005-жылы алган, ал анда 17 жашта болчу. Турапова парктан жер алгандардын ичинен эң жашы.

Турапова участогунда эч нерсе курбай 2011-жылы сатып жиберген. Жер тилкенин жаңы ээси участокко хан сарай кура баштаган, бирок курулуш иштери аягына чейин бүтө элек.

Журналисттер Тураповадан участок тууралуу комментарий алуу үчүн аны менен инстаграм аркылуу байланышышкан. «Оо кудай, жок, болгон эмес. Бул тема боюнча эч нерсе айта албайм, кечиресиз», — деп жазган ал.

Журналист ага участокту берүү тууралуу мэриянын токтомунун көчүрмөсүн жөнөткөндөн кийин Турапова кабарчынын аккаунтун бөгөттөп салган.

Автору: Рустам Халимов

ТЕМА БОЮНЧА:

Студенттердин талкаланган кыялдары: Жаңы кампустун ордуна курулган хан сарайлар