Мектеп окуучусу парламентте эмдөө үчүн акча алынып жатканы тууралуу айтып чыкты

Окуучу кыздын парламентте чыгып сүйлөгөн видеосунан алынган скриншот

Балдар күнүнүн 30 жылдыгында Келечек жаңы конушундагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу медайым эмдөөгө акча чогултканы тууралуу айтып берген.

«Биздин мектепте 2700 бала бар, мектебибизде бир эле медайым бар. Ал ар жылы балдардын билегине ийне саят, аны дагы бекер сайбай акчага саят», — деп билдирди окуучу кыз парламентте.

Мектептин директорунун айтымында, алардын мектебине кептөөр жана тырышма ооруларынан эмдөө жүргүзүү үчүн болгону жүз шприц бөлүп берип коюшкан жана жаңы келген окуучуларды эске алышкан эмес.

«18 окуучуга шприц жетпей калган. Ошол убакта мектепте [абал] оор болчу. Ошентип медайым ата-энелер менен сүйлөшүп, 18 окуучу беш сомдон төлөп беришип эмдөө алышкан», — деп билдиришти мектептен.

Мектеп караштуу болгон №14 үй-бүлөлү медицина борборунун башкы врачынын орун басары Гүлнара Жумадилова «Клоопко» курган маегинде, мектеп «Дордой» базарынын аймагында экенин айтып берди.

«Биздики калкы көп миграциялаган поликлиника. Биз бардыгын баш тартуусуз кабыл алабыз. Врачтар эмне үчүн бизде башаламан деп сурашат. Анан эмне кылмак элек деп жооп берем», — деп билдирди Жумадилова.

Анын айтымында, медайым 60 жашка чыгып калган — ал остеоартритке каршы дарыланып, гипс менен жүрөт. Окуучулар ноябрда эмделиши керек эле, бирок бардыгына шприц жетпей калган. Басууга оор болгондуктан ал кошумча шприцтерди алуу үчүн ооруканага барбай эле дарыканадан сатып алган.

Бул жагдайларга карабастан, башкы дарыгер оорукананын антикоррупциялык комиссиясы менен биргеликте кеңешме өткөргөн — медайым түшүндүрмө кат жазып, сөгүш уккан.

«Медайым кеткиси келип жатат. Ал каникулдун алдында эле келип, чарчаганын жана ооруп жатканын, буттары ооруп жатканын айткан», —деди Жумадилова.