1-класстын окуучусу жогорку класста окуган бала тарабынан сабалды — Токтогул

Токтогул районундагы Ашыралиев орто мектебинин 1-классынын окуучусунан жогорку класста окуган бала акча опузалап сабаган. Жабыркаган бала Бишкек шаарынын Жалдагы ооруканасына жаткырылган. Жабырлануучунун абалы жакшы. Бул тууралуу «Клоопко» окуучунун атасы Коммунистбек Абажанов кабарлады.

Баланын атасынын айтымында, окуя 15-ноябрда уулу сабактан кийин дүкөнгө кирип баратканда болгон. Анда ошол эле мектептин 8-класстагы окуучусу Абажановдун уулунан акча сурап, баласы акча жоктугун айтканда беркиси чөнтөгүн аңтарып, 25 сом таап алган.

«Спорт залга алып барып, эмне үчүн жок дедиң деп ур-токмокко алыптыр. Сабаган окуучу өзү да, ата-энеси да сабагандыгын мойнуна албай жатышат. Бирок менин уулум ал баланы таанып, бизге көрсөтүп берди», — деп билдирди жабыркаган баланын атасы.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя Токтогул РИИБи тарабынан Кылымыштар жана жоруктар реестерине катталып, «Уруп сабоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгын кабарлады.

Материал жарык көрөөр алдында Токтогул району боюнча билим берүү бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Ашыралиев орто мекебинин директору Элнура Мусаева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, бул окуяга байланыштуу суракка чакырылганын жана ал жактан чыккандан кийин кошумча маалымат берээрин айтты.