Өкмөт башчысы бажыдагы коррупцияны иликтөөнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бажыдагы «мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын материалдарда чагылдырылган коррупциялык иш-аракеттерин» иликтөөнү тапшырды. Өкмөт башчысы бул билдирүүнү бажы системасындагы коррупция, аткезчиликтин масштабы жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин жасады.

Өкмөт башчысы иликтөөнү «кыска убакыттын» ичинде жүргүзүүнү талап кылууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, укук коргоо органдары журналисттердин иликтөөсүндөгү материалдарды текшерип жатат.

Абылгазиев бажы кызматынын ишиндеги учурдагы коррупцияга каршы чаралары натыйжасыз экенин, ал эми «бажычылардын ишинде орун алып, бийликтин коррупцияга каршы күрөштөгү бардык күч-аракетин жокко чыгарган коррупциялык көрүнүштөр» болуп жатканын мойнуна алды. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ведомствонун ишине жаңы технологияларды киргизип жатышат.

Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, аткезчиликте жана Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишинде бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов маанилүү ролду ойногон. Ал ошондой эле эл оозунда «Раим миллион» каймана аты менен таанымал. Журналисттик иликтөөдөгү маалыматчы Айэркен Саймаити өлкөдөн акчаларды түздөн-түз чыгарып турган жана ал Матраимовду бажы тармагындагы аткезчилердин параларын бөлүштүрүүчү деп атаган.

Журналисттик ликтөөнүн чыгышы коррупцияга каршы акцияга себеп болуп, анда катышуучулар Райымбек Матраимовдун камалышын жана реалдуу реформаларды талап кылышкан. Райымбек Матраимов — депутат, аткаминерлер жана ишкерлер кирген Матраимовдордун кланынын мүчөсү.

Матраимов өзү болсо коррупция боюнча айыптоолорду жалган деп атоодо. Социалдык тармактардагы ондогон боттор журналисттик иликтөөнү жана андан кийин келип чыккан нааразычылыктарды жаман көрсөтүү менен алек.