Ош: Уруксатсыз башталган 13 кабаттуу үйдү бузуу январь айына чейин токтотулду

Ош шаарындагы "Евро Стиль" компаниясынын "мыйзамсыз" курулушу. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө уруксат документтери жок курулуп баштаган 13 кабаттуу үйдү бузуу иштери 27-ноябрда Жогорку соттун чечими менен 2020-жылдын январь айына чейин токтотулду.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» курулушту жургүзүп аткан «Евро Стиль» компаниясы курулушту сүрдүрүп салуу жагын өз мойнуна алганы менен ушул убака чейин бузуу иштерин ишке ашырбай, тескерисинче кайрадан жашыруун иштеп келе жатканын билдирди.

«“Евро Стиль” ЖЧКга тиешелүү 13 кабаттуу мыйзамсыз үйдүн курулушу мамлекеттик экотехинспекция тарабынан сотко берилген болчу. Ош облусттук соту октябрь айында курулуш токтотулсун жана бузулсун деп чечим чыгарган», — деп билдирди Абсаттаров.

Буга чейин Ош шаардык сот аткаруучулар кызматы 4-июнунда тийиштүү техникалар менен үйдү бузууну баштаганы турган. Бирок «Евро Стиль» компаниясы бул чечимди Ош облусттук сотко даттанган. Сот кайрадан курулушту мыйзамсыз деп тапканда, компания даттануу менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот өзүнүн чечими менен соттук териштирүү иштери аягына чыкканга чейин бузуу иштерин убактылуу токтоткон.

«Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов, курулушка тиешелүү бардык документтер бар экенин, эгерде уруксат берилбесе курулуш иштери башталмак эместигин айткан «Турмуш» басылмасына.

Ош шаардык мамэкотехинспекциянын жетекчиси Ырысбек Юсупов, аталган көп кабаттуу үй бүткөрүлгөн учурда да, жараксыз деп табылаарын билдирди. Анткени мэрия тарабынан алгачкы бузуу иштери жүргүзүлгөндө курулуштун алдыңкы негизги тирөөчтөрүнөн бир нече жарака кеткен.

Ошондой эле Юсупов компания үйдү куруп баштаганда каттоого турушу керек болгонун, бирок катталбаганын кошумчалады. «Каттоого тургандан кийин биз курулуш иштерин көзөмөлдөмөкпүз», — деди Ырысбек Юсупов.

Буга чейин жергиликтүү бийлик шаарда уруксат кагаздары жок курулуш иштерин баштап алган 28 объект бар экенин маалымдаган.