Майлуу-Суудагы асынып алган аскердин өлүмү териштирилет 

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шарында 27-ноябрь күнү №12544 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер асынып өлгөн. Маркумдун сөөгү аталган аскер бөлүктүн автопаркынан табылган. Бул окуяга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлеринин командачылыгы кызматтык иликтөө баштады.

Бул тууралуу маалыматты Кыргызтандын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, окуянын чоо-жайы тергелип, Жалал-Абаддын гарнизондук прокуратурасы сотко чейинки өндүрүш чараларын жүргүзүүдө.

Маркум 2019-жылдын апрелинен тарта аскер кызматынын өтөй баштаган. Ал Ала-Бука районунун тургуну. Маалыматка ылайык, ал он күндүк өргүүдө жүрүп, 26-ноябрда кызматын өтөөгө киришкен.

Буга чейин Ош облусунун Мады айылында жана Чүй облусунун Кой-Таш айылында кызмат өтөп жаткан жоокерлер өз жанын кыйышкан. Аларды бирөөсү өз үйүндө, ал эми экинчиси №73809 аскер бөлүмүндө асынып алган.