«Азаттыктын» иликтөөчү журналисттери УКМКга суракка чакырылды

УКМК 2-декабрда «Азаттык» үналгысынын эки журналисти Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду күбө катары суракка чакырды.

«Азаттык Медианын» редакциясы укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ал эми журналисттер учурда чет өлкөдө жүргөндүктөн видео байланыш аркылуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Мухаммедали Токтакунов — иликтөөчү журналист, «Азаттыктын» бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүнүн автору.

Бул иликтөөнүн экинчи бөлүгү 2019-жылдын ноябрында жарыяланган. Анда кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ортосундагы байланышы тууралуу жазылган.

Иликтөөдө кылмыш ишин козгоого себеп болгон жетиштүү фактылар көрсөтүлөт — бул аткезчилик, коррупция, салык төлөөдөн качуу, документтерди жасалмалоо, мамкызматкердин кирешесине келишпеген мүлккө ээлик кылуу.

Азырынча укук коргоо органдары кайтыш болоорунун алдында журналисттерге коррупциянын кулачы жөнүндө маалыматтарды өткөрүп берүүгө үлгүргөн кытайлык ишкер Айэркен Сайматинин киши колдуу болушу боюнча иш менен алек. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кызматташып, өлкөдөн 700 млн доллардан ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарган жана аткез товарлардын ээси Хабибулла Абдукадырга жалданып иштегенин айтып берген.

Айэркен Саймаити 10-ноябрда атып өлтүрүлгөн. Анын өлтүрүлүшү тууралуу иш боюнча экс-консул Эркин Сопоков менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов суракка алынган. Матраимов суракта беш саат отуруп чыккан, ал эми Сопоков болсо УКМК тарабынан кармалган — ал кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгында айыпталууда, анткени Саймаити анын автоунаасын колдонуп жүргөн. Дипломат кызматтык машинаны бөлөк адамга бере албайт, анын үстүнө Кыргызстанда изделип жаткан да бербеши керек.