«Муну цензура деп атасаңар болот» — Feminnale көргөзмөсүнөн «чагымчыл» объекттер алынды

Маданият министри Азамат Жаманкулов 3-декабрь күнү эртең менен Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт исскуство музейине келип, экспозициядан алты эмгекти алып салууну тапшырды. Уюштуруучулардын айтымында, музейге ал «Кырк Чоронун» мүчөлөрүнүн бири менен кошо бир автоунаада келген.

Жаманкулов билдиргендей, атайын комиссия көргөзмөнүн бардык экспонаттарын талдап, андагы «чагымчыл картиналарды» алып салууну чечкен. Министр комиссиянын курамы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Ага көркөм сүрөт исскуство музейинин экс-директору Юристанбек Шыгаев жылаңач аялдарга сүрөт тартканын жана анын эмгектери цензурага алынбаганын эстетишкен. Бирок Жаманкулов буга эч кандай комментарий берген эмес.

Министрдин пикирине ылайык, калктын 80% көргөзмөнүн өтүшүн колдобойт. Бирок министр бул статистиканын же изилдөөнүн булагын ачыктаган жок. Ошондой эле ал Маданият министрлиги көргөзмөнүн экспонаттарына тыюу сала турган мыйзамга таяна албай, «музейдин дирекциясы министрликке консультация алыш үчүн кайрыла алаарын» билдирди. Ал музей Маданият министрлигине консультация үчүн кайрылганбы же жокпу деген суроого да жооп бере алган жок.

«Көргөзмө уланат — анын өзүнүн жакшы максаты, жакшы темасы бар, мен бардыгын чагым бар жерлерден башкаларын келип көрүп кетүүгө чакырам», — деди ал.

Министр көргөзмөдөн эмгектерди алып салуу чечимине уюштуруучуларды жана музейдин директорун коркуткан улутчул патриоттор тобунунун пикиринен көз каранды болбогонун, «алар эч кандай таасир этишпегенин» белгиледи.

«Мен ансыз деле пресс конференция берейин деп жаткам, бул адамдар, “Кырк Чоро” маданият министрлигинин алдына митингге чыгуу үчүн келишиптир. Мен аларды кабыл алып, маалымат бердим. Бардыгы чечилген болчу, болгону алар пресса менен биргеликте келип калышыптыр», — деди ал.

Жаманкуловдун айтымында, Мира Жангарачева музейдин директорлук кызматына кайтып келбейт, анткени ал «жоопкерчиликти мойнуна алып», өзү арыз жазган. Эгер музейдин мурдагы башчысынна коркутуулар келип түшө берсе, маданият министрлиги ага күзөт бөлүп берет.

Маданият министрлигинин текшерүүсүнөн өтпөй калган экспонаттарды уюштуруучулар музейдин ичинен замбил менен чыгарышты. Алар «Ололо Хаус» коворкиң орборуна жайгаштырылат.