«Азаттыктын» журналисттери Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча отурумга чакырылат

Бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөгө тиешелүү болгон «Азаттык» үналгысынын журналисттери иликтөөнүн фигуранты — бизнесмен Айэркен Саймаитинин киши колдуу болушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумуна чакырылышты. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы жана парламенттин депутаты Талант Мамытов билдирди.

«Толук курам түзүлгөндөн кийин биз катчылыкты бекиттик. Тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүп маалымат алгандан кийин отурумдарды баштайбыз. Анткени депутаттар биринчи маалыматка ээ болушу керек. Андан кийин бардык тийиштүү тараптарды чакырабыз. Буга “Азаттыктын” иликтөөсү негизги себеп болгондуктан, “Азаттыктын” да журналисттерин чакырабыз», — деди Мамытов.

Материал жарык көрөөр алдында «Азаттыктын» журналисттеринен отурумга катышаар-катышпасытыгы тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Редакция мурдараак учурда иликтөөчү журналисттер Прага жүрүшкөнүн билдирген.

Ноябрда «Клооп» OCCRP жана «Азаттык» менен биргеликте Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөө чыгарган. Журналисттердин маалыматчысы Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулдун отелдеринин бириндеги кафеде атып өлтүрүлгөн. Түркия ЖМКларынын маалыматы боюнча, ал кафеде отурганда бир эркек киши басып келип, үң басаңдаткычы бар тапанча менен башына ок чыгарган.

Саймаитинин өлүмү тууралуу иш боюнча төрт адам кармалып, шектүүлөр изин жашырып качып кеткен машина менен курал табылган. Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган деп маалымдалууда — жан кыйуучуларга ушундай сумма төлөнгөн делген.

Кыргызстанда Саймаитини таасирдүү делген Матраимовдор кланы менен байланыштырышат. Иликтөөчү журналисттер бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бул коррупциялык схемага тиешелүү болушу мүмкүн деп эсептешет.