Бишкекте кайрадан коррупцияга каршы митинг өтөт

Сүрөт: Александра Титова

Кыргызстандыктар «коррупцияга каршы, сөз эркиндигин жана Кыргызстандын мыйзамдарын кемсинтүү» боюнча тынчтык митингине кайрадан чыгышат.

«REакция 2.0» аталышындагы митинг 18-декабрь күнү саат 11.30га дайындалган. Ал 7-апрелде курман болгондорго арналган эстеликтин алдында өтөт. Ноябрда болуп өткөн алгачкы митинг да ушул жерде болгон.

Алгачкы «REакция» митинги «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин журналисттери биргеликте жүргүзгөн кыргыз бажысындагы аткезчилик жана коррупция тууралуу иликтөөсүнөн кийин болгон. Анда митингдин катышуучулары өлкө башчысынан жана укук коргоо органдарынан журналисттер тарабынан келтирилген фактыларга реакция кылууларын талап кылышкан.

Алдыда боло турган «REакция» митинги бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн ар намысын жана кадыр баркын коргоо тууралуу иши боюнча соттун биринчи отурумунан бир күн мурда болмокчу.

Райымбек Матраимов, анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык болгон «Исмаил Ата» коомдук фонду 12-декабрда «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берген.

Соттун маалыматы боюнча, Матраимовдордун ар-намысын жана кадыр баркын коргоо боюнча доонун суммасы мындай болгон: «Азаттыкка» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клоопко» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар), 24.kgге 15 млн сом (213,2 миң доллар) жана «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго 10 млн сом (142,2 миң доллар).

Райымбек Матраимов – «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөнүн фигуранттарынын бири. Анын бир тууган агасы Искендер Матраимов — парламенттин депутаты.

Бизди сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөрдү окуп көрүңүз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар