Күндүн саны: Кыргызстанда канча киши алимент төлөбөйт?

Депутат Айсулуу Мамашованын айтымында, Кыргызстанда 205 сот аткаруучуга төлөнбөгөн алимент тууралуу 41 миң иш туура келет.

«Кээ бир сот аткаруучуларда алимент төлөбөгөндөр боюнча 700 иши бар. Бир сот аткаруучуга! Жума күнү эле сот аткаруучулардын бирин бычак менен бышып кетишти. Буга чейин [башка бирөөнү] өрттөп салышкан. Кудайга шүгүр, бул жолу адам өмүрү кыйылган жок. Бирок эмне болуп кетиши мүмкүн? Буга чейин [өрттөлгөн сот аткаруучу] каза болгон да. Аны алимент боюнча карызкор өрттөп салган. Элестетсеңер! […] 8 миң сомдук айлыгы менен алар жүздөгөн километр жол жүрүшү керек. Алар маянадан тышкары, жол чыгымдарына, байланышка жана эч кандай кошумча чыгымдарга каражат алышпайт», — деди Мамашова.

Мамашова билдирип өткөндөй, 2017-жылы сот аткаруучуларга берилүүчү премиялар, кварталдык сыйлыктар жана 13чү айлыкты жокко чыгарылган жана бүгүнкү күндө алардын орточо эмгек акысы жетиден 13 миң сомго чейинки сумманы түзөт.

Ошондой эле, жаңы кодекстер күчүнө киргенден кийин сот аткаруучуларга «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кошумча 44 миң айыппул өндүрүү иши жүктөлгөн.