Кыргызстандык сүрөтчүлөр рэп аткаруучу MiyaGi үчүн анимациялык клип тартып беришти

Кыргызстандык сүрөтчү Шахназар Борбоев белгилүү орусиялык рэпер MiyaGi (Азамат Кудзаев) үчүн анимациялык клип тартып берди.

Борбоев клиптин режиссёру да болгон. Аны менен бирге клиптин үстүндө аниматор Тилек Асеков, өң-түс корректор Баястан Сабыров жана Мирлан Саткымбаев иштешкен.

Клип «Trenchtown» ыры үчүн жаратылып, Боб Марлинин элесине арналган.

Борбиев инстаграмында клиптин үстүндө иштөөдөгү процесс тууралуу жазган.

«Чыгармачылык канча турат? Бул суроого ар ким ар кандай жооп бермек. Айрымдар үчүн бардыгы кытырак акча таңгагы менен, дагы кимдир бирөөлөргө лайк жана бөлүшүүлөр менен бааланат. Бирок жеке мен үчүн чыгармачылык уйкусуз түндөрдүн саны, ойдун кайраттулугу жана аны жүзөгө ашыруунун оордугу менен бааланат. Мен үчүн чыныгы чыгармачылык деген ушул», — деп жазган ал.

Шахназар Борбоев менен Тилек Асеков буга чейин Мирбек Атабековдун «Мурас» аттуу ырынын клибинин үстүндө иштешкен.