«Ышты дагы бизден көрүп жатышпайбы». Искендер Матраимов митинг тууралуу оюн билдирди

Коррупцияга каршы митинг тууралуу Матраимовдордун ичинен жалгыз гана парламенттин депутаты Искердер Матраимов үн катты — ал бажы кызматынын башысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы.

Райымбек Матраимов — «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүнүн фигуранттарынын бири. Ушул иликтөө жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн иликтөөнүн авторлорун сотко бериши акыркы айдагы эки митингдин өтүшүн шарттады.

Бүгүнкү митинг боюнча оюн билдирүүдө Искендер Матраимов «Кыргызстандагы бардык ийгиликсиздер үчүн жалгыз эле бизди күнөөлүүдөй көрсөтүшүүдө» деп нааразы болгон. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасында жазган.

Анын ою боюнча «биздин мамлекетте сөз эркиндигине ченемсиз укуктар берилгенине» карабастан «айрым күчтөр» мындай мүмкүнчүлүктөрдү «кимдир-бирөөнүн кадыр-баркын тебелөөгө» пайдаланып жатышат.

«Айрым журналисттер дагы журналисттик этикадан четтеп, бей тараптуулукту сактабай, бир жактуу каралоого орун берип келишти. Ал гана эмес болуп жаткан митингдерге чогуу чыгып, өздөрүнүн көз карашын таӊуулап жатканын байкоого болот. Мындай аракети менен алар кыргыз журналистикасын дискредитация кылып жатат деп эсептейм», – деп жазат ал «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин иликтөөсүн эске алуу менен.

Матраимов инисине карата «чындыкка дал келбеген жалаалар» айтыла берип «ага карапайым эл ишенип ала турган деӊгээлге жетти» деген ойдо.

«Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты», – деп жазат депутат.

Бирок ал журналисттерде бар болгон документалдык далилдер УКМКга берилгенин эске салган жок.

«“Азаттыктын” иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгын күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор улам арты-артынан акцияларды уюштуруп, инимдин сүрөтүн жасалмалап, шылдыӊдап көтөрүп алып чагымчылдык пикирлерди жайылтуу менен алек. Учурда эмне гана болбосун бизге шылтап, ал тургай шаарды каптаган ышты дагы бизден көрүп жатышпайбы», – деп нааразы болгон ал.

Матраимов үй-бүлөсүн «каралап жатышканын» айтып «убакыт ордуна коёт» деп билдирген.

Ал арада 19-декабрда Матраимовдордун ЖМКларга карата койгон соттук доолору боюнча алгачкы сот отуруму өтөт. Алар жалпысынан 60 млн сом талап кылып жатышат.

Матраимовдор соттошуп аткан ЖМКлардын арасында Райымбек Матраимовдун Абдукадыр кланы менен байланышы тууралуу иликтөөнүн авторлорунун бири «Азаттык» жана «Клооп» бар. Абдукадыр кланы оор жүк ташуулардын көмүскө кербенин түзгөн. Доого жыгылып жаткан дагы бир басылма — 24.kg — иликтөөнү баяндап гана берген.