Райымбек Матраимов Хабибула Абдукадыр менен тааныштыгын ырастады

«Азия Ньюс» гезити үстүбүздөгү жылдын ноябрь жана декабрь айларында «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP биргелешип чыгарган бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөнүн фигуранты, тагыраагы бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маегин жарыялады.

Анда Матраимов бизнесмен Хабибула Абдукадыр менен 2007-жылдан тарта «эл аралык деңгээлдеги инвестор» катары тааныш экенин ырастады.

Анын айтымында, Абдукадыр менен бажыда иштеп жаткан учурда кызматына байланыштуу таанышкан.

«Анткени бажыда иштегендер базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү биздин милдетке кирет эле», — деп билдирди ал.

Матраимов Абдукадырдын компанияларынын ишмердигинен Кыргызстан утушта калган деп эсептейт.

«Мен билгенден, бул киши курулуш багытында Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет эле пайда көрөт», — деди ал.

Матраимовдун «Азия Ньюс» гезитинин бир жарым бетти ээлеген маеги «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин иликтөөсүндө келтирилген факттарды анын моюндабасына арналган.

Матраимовдордун Абдукадырдын кланы менен байланышы тууралуу иликтөө

OCCRP, «Азаттык» жана «Клооп» үстүбүздөгү жылдын ноябрь жана декабрь айларында «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөө жарыялашкан.

Иликтөөдө Матраимов менен кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадырдын байланышы тууралуу айтылат. Абдукадыр Кытайдан Борбор Азияга жана Кыргызстан аркылуу Орусияга жүк ташуулардын жашыруун империясын түзгөн.

Журналисттердин маалыматчысы, ноябрда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити Абдукадырга таандык бизнестин 700 млн долларынын изин жашырууга жардам бергенин мойнуна алган. Ошондой эле ал Матраимов жашыруун бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны калкалаган деп билдирген.

Мындан тышкары, иликтөөдө кантип Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна инвестор болгону жөнүндө айтылган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү 10-декабрда Райымбек Матраимовдун ишкердик беделине, ар-намыс жана кадыр-баркына шек келтирилди деп «Азаттык» менен «Клоопту» сотко берген. Алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клооптон» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар) жана Али Токтакуновдон 10 млн сом (142,2 миң доллар) компенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Мындан тышкары, алар иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, бирок аны өз сайтында басып чыгарып койгон 24.kg басылмасынан 15 млн сом (213,2 миң доллар) компенсация талап кылышууда.