Текебаев жана Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Биринчи май райондук сот парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтүн 2020-жылдын 29-февралына чейин узартты.

Сот отуруму судья Айнура Сатарованын төрагалыгынын алдында өтүүдө. Ал сот териштирүүлөрүн кароонун мөөнөтү бүткөнүн жана аны аны узартуу керектигин кабарлады.

Отурум учурунда Сатарова айыптоонун күбөлөрү системалык түрдө сотко келүүдөн качып атышканын белгиледи. Алардын 2019-жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткени аныкталган.

Прокурор мындайда аларды сотко мажбурлап алып келүү керектигин билдирди. Соттолгондордун адвокаттары маселени соттун ыктыярына калтырышты.

Өмүрбек Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча айыпталып кылмыш иши козголгон. Ал эми Дүйшөнкул Чотоновдун бул иште ортомчулук кылганы айтылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Текебаев Маевскийге мамлекеттик «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп берүүнү убада кылган. 2017-жылы сот Текебаевди күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Мунапыс боюнча саясатчынын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган.

Үстүбүздөгү жылдын августунда Жогорку сот Текебаев менен Чотоновго каршы өкүмдөрдүн бардыгын жокко чыгарып, бул ишти кайра кароого жөнөткөн. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыларды абактан үй камагына чыгарган.

Саясатчылардын экөөсү тең өкүмдөргө макул эмес жана аларды «саясий жүйөөлүү» деп эсептешет. Текебаев камакка алынганга чейин бийликтин, өзгөчө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкы сынчыларынын бири болгон.